Бишкекте баткендиктер үчүн төрт консультациялык борбор ачылды
Баткен облусунун тургундары үчүн Бишкекте төрт консультация борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда, борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалитет белгилегендей, Бишкек шаарында Баткен облусунун тургундары үчүн республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу төмөнкү кызматтар ачылды:
- Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495. Телефон: 0 (312) 670433, 0700 020167.
- Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй проспектиси, 28. Телефон: 0(312) 530368, 0702148830.
- Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Байтик Баатыр көчөсү, 17. Телефон: 0312 51-02-63, 57-04-59.
- Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко көчөсү, 2. Телефон: 0 (312) 653748, 653926.
Мэриянын басма сөз кызматы белгилегендей, Бишкек мэриясы тарабынан республикалык штабдын материалдык-техникалык жактан жабдылышы камсыз кылынып, мэриянын жана муниципалдык администрациялардын кызматкерлери жарандардан түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт өтөп жатышат.