ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын апрелине чейин 370 товарга бажы алымдарын алып салды
23-сентябрда минкаб башчысынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Кеңешинин жыйынын өткөрдү. Күн тартибинде 60 маселе көтөрүлүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода боюнча жана импорттун ордун толтуруу боюнча биргелешкен долбоорлор боюнча баяндамалар угулду, деп билдирет минкаб басма сөз кызматы.
Белгиленгендей, отурумдун жүрүшүндө 2021-жылкы ЕАЭБдеги мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногу боюнча отчёт каралды.
Ошондой эле жалпы газ рыногун түзүү маселеси каралды. Программада ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан газ өткөрүү тутумдарына кирүүнүн бирдиктүү эрежелерин камтыган эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгуу каралган.
Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин отурумунда:
- ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери талкууланды.
- Сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоо үчүн орфандык жана жогорку технологиялык дары препараттарды маркировкалоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы бекитилди.
- ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал талкууланды.
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык туруктуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларынын мөөнөтү узартылды.
- 2023-жылдын 1-апрелине чейин бажы төлөмдөрүн нөлгө түшүрүү боюнча 471 товардын 370и колдоого алынып, аларга бажы төлөмдөрү алынып салынды.
- Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу боюнча техникалык регламентке өзгөртүүлөр киргизилди.
- Климаттык күн тартибинин алкагында “ЕАЭБтин Жол картасы” боюнча маселе каралды.
- “ЕАЭБ – Индонезия” экономикалык форумун 2023-жылы өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды.
- 20-21-октябрда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибинин долбоору бекитилди.
Минкаб басма сөз кызматы билдиргендей, ЕЭК Кеңешинин кийинки жыйыны 7-октябрда видеоконференция түрүндө өтмөкчү.