> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аvia Traffic: Баткенге аба каттамдары ноябрь айында токтошу мүмкүн - өзүн-өзү актабайт
- URL: https://im.kg/all/2022/09/27/avia-traffic-batkenge-aba-kattamdary-noyabr-ajynda-toktoshu-m-mk-n-z-n-z-aktabajt/
- Published: 2022-09-27T14:55:08.000Z
- Updated: 2022-09-29T11:04:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ушул жылдын аягына чейин Бишкек – Раззаков, Бишкек – Баткен аба каттамдары токтошу мүмкүн, анткени анын чыгымы өзүн өзү актабайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=uw5VVuaDXLk) Avia Traffic компаниясынын генералдык директору Алик Аскаров билдирди.**

Анын айтымында, учурдагы Бишкектен Исфанага учкан самолеттун **чыгымы 12 миң доллар** турат.

> “Азыр биз **7942 доллар** менен учуп атабыз. 4033 доллар артка кетебиз. Ал жактан 80 жүргүнчү алабыз. Эгерде ноябрга чейин маселе чечилбесе анда Бишкек – Раззаков аба каттамы токтойт. Ошону айтып коеюн дегенмин” – деди Аскаров.

Ошондой эле ал 2017-2021-жылдар аралыгында Avia Traffic 2 млн 650 жүргүнчү тейлегенин, 2020-21-жылдары пандемияга байланыштуу каттамдар дээрлик жок болсо деле аталган компания “Манас” жана “Ош” аэропортторуна күйүүчү майга 5 млрд 232 млн сом, жердеги тейлөөгө 2 млрд 500 млн, борттогу тамактанууга 600 млн, имараттын арендасы 14 млн 814 миң сом төлөнгөндүгүн кошумчалады.