> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктар эми Kaspi банкынан «Элкартка» телефон номери аркылуу акча которо алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/09/27/kyrgyzstandyktar-emi-kaspi-bankynan-elkartka-telefon-nomeri-arkyluu-akcha-kotoro-alyshat/
- Published: 2022-09-27T13:24:09.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:33:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эми “Элкарт” төлөм карталарынын ээлери Казакстандын Kaspi банкынан түз акча которууларды ала алышат. Бул тууралуу «Компаньон Банк» ЖАКтын өкүлү Ажар Мамбетова Facebook баракчасына жазды.**

Анын айтымында, которууларды “Элкарт” карталарына телефон номери аркылуу жүргүзүүгө болот. Мамбетова [Economist.kg](https://economist.kg/) басылмасына Кыргызстандын каалаган коммерциялык банкынын “Элкарт” төлөм картасынын ээси Kaspi банкынан которууларды ала алаарын тастыктады.

> «Бир гана шарт – бул “Элкарт Мобайлдын” колдонуучусу болушу керек, анткени которуулар телефон номери аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми номерди актуалдаштыруу үчүн ал “Элкарт Мобайлга” байланган болушу зарыл”, – деп билдирет аталган банктын өкүлү.

Мындан тышкары, кыргызстандыктар Kaspi банкына кайра которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Банк расмий релиз менен кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.