> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте VIP-кичи бустарды линияга чыгаруу пландалууда — жол кире 40-50 сом болот
- URL: https://im.kg/all/2022/09/28/bishkekte-vip-kichi-bustardy-liniyaga-chygaruu-plandaluuda-zhol-kire-40-50-som-bolot/
- Published: 2022-09-28T09:16:53.000Z
- Updated: 2022-09-28T09:19:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти Бишкекке VIP-кичи бустарды киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында аталган мекеменин бөлүм башчысы Максат Нусувалиев билдирди.**

Депутат Дастан Бекешев маршруттук линияларды эмне үчүн кымбат болсо да, ыңгайлуу, туруп эмес, отуруп кете турган кылып койсо болбойт деп сурады. «Төлөй ала турган категориядагы адамдар бар», – деди депутат.

Транспорт департаментинин башчысы депутаттын сунушуна толук макул экенин билдирди:

> «Транспорт департаменти тарабынан бул багытта иштер жүрүп жатат. Бул долбоор учурда бекитилүүдө. Долбоор VIP-автобустардын белгилүү бир түрүн киргизүүнү карайт. Аларда жол кире акысы **40-50 сомду** түзөт», – деди ал.

Эске салсак, учурда Бишкекте 101 маршруттук линия [бар](http://localhost/info-portal/news/2022/09/27/bishkektegi-101-marshruttuk-liniyanyn-22si-gana-municipalitettin-karamagyna-tk-n/) жана 1200-1500 маршруттук кичи автобустар иштейт.