> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Голландиялык банк «Бай-Түшүмгө» чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 10 млн доллар насыя берет
- URL: https://im.kg/all/2022/09/28/gollandiyalyk-bank-baj-t-sh-mg-chakan-zhana-orto-biznesti-n-kt-r-ch-n-10-mln-dollar-nasyya-beret/
- Published: 2022-09-28T11:49:32.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:39:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бай-Түшүм» банкы Голландиянын Өнүктүрүү жана Ишкердик Банкы (FMO) менен чакан жана орто бизнести (ЧОИ) өнүктүрүү үчүн 10 млн долларлык кредитке келишим түздү. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, FMO үстүбүздөгү жылдын июль айында «Бай-Түшүм» менен **4 жылдык мөөнөткө 10 млн долларлык** кредиттик келишимге кол коюшкан. Каражат чакан жана орто бизнести каржылоого жумшалат.

Бул каржылоонун алкагында «Бай-Түшүм» ишкерлерди жана жеке секторду насыялоону көбөйтүүнү максат кылууда. 35 жашка чейинки жаш ишкерлер жана ишкер аялдар аталган каржылоонун маанилүү сегменти болушмакчы.

---

**Маалымдама:**

FMO – дымактуу ишкердик долбоорлорго инвестициялоо аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жеке сектордун туруктуу өсүшүн колдогон алдыңкы инвестор болуп саналат. **12.1 млрд евролук** портфели бар, жеке секторду өнүктүрүп келе жаткан банк дүйнөнүн 84 өлкөсүндө иш алып барат.

FMO экономикалык жана социалдык өнүгүүгө чоң таасирин тийгизген каржы институттары, энергетика жана агробизнес, тамак-аш жана суу секторлоруна басым жасап келет.