> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда сегиз айда 1.1 миң тонна сүт өндүрүлдү - эң жогорку саандуу уйлар Чүй облусунда
- URL: https://im.kg/all/2022/09/28/kyrgyzstanda-segiz-ajda-1-1-mi-tonna-s-t-nd-r-ld-e-zhogorku-saanduu-ujlar-ch-j-oblusunda/
- Published: 2022-09-28T16:21:32.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:36:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-август айында республика боюнча 1 миң 181 тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 24 миң тоннага, же болбосо 2%га көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Министрликтин берген маалыматына таянсак, сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалган. Жалпысынан республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны **13.7 миң** башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 3.5 кг көбөйүшү менен байланыштуу. 

> “Эң жогорку саандуу уйлар Чүй облусунун чарбаларында байкалат, ал жерде 1 уйдан саалган орточо саан отчеттук мезгилде 1 миң 982 кг түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 4.2 кг көбүрөөк. 

> Өтө төмөн саандуу уйлар Баткен облусунун чарбаларында байкалат, ал жерде 1 уйдан саалган орточо саан отчеттук мезгилде 956 кг түзүп, бул көрсөткүч республиканын орточо көрсөткүчүнөн 389 кг төмөн болууда”, – дейт Айыл чарба министрлиги.