> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жайында кыргызстандыктар 4.2 млрд сомдук керектөө насыяларын алышты
- URL: https://im.kg/all/2022/09/28/zhajynda-kyrgyzstandyktar-4-2-mlrd-somduk-kerekt-nasyyalaryn-alyshty/
- Published: 2022-09-28T10:27:15.000Z
- Updated: 2022-09-28T10:27:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коммерциялык банктар тарабынан берилген керектөө кредиттеринин жалпы көлөмү 2022-жылдын август айынын аягында 28.6 млрд сомдон ашты. Жай айларында өсүү 4.2 млрд сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук банк берди.**

> Регулятордун берген отчетунда май айынын аягында керектөө кредиттеринин портфели **24.3 млрд сом** деңгээлинде болгону айтылат. Эң көп өсүш августта байкалган – кредиттердин көлөмү **27 млрд сомдон 28.6 млрд сомго** чейин өскөн. Ошол эле учурда керектөө кредиттеринин эң жогорку орточо пайыздык чени – 22.92% болуп эсептелет.

Жалпысынан жай айларында комбанктардын жалпы кредит портфели **6 млрд сомго** гана өстү, тагыраак айтканда, май айында **187 млрд сом** болсо, август айында **193.1 млрд сомго** жетти. Эгерде валюталар менен эсептесек, анда улуттук валютадагы кредиттердин көлөмү дээрлик **9 млрд сомго** өсүп, **147.6 млрд сомду** түздү.