> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад облусуна эвакуациялангандардан 114 жаран Баткенге кайтты
- URL: https://im.kg/all/2022/09/28/zhalal-abad-oblusuna-evakuaciyalangandardan-114-zharan-batkenge-kajtty/
- Published: 2022-09-28T15:37:05.000Z
- Updated: 2022-09-28T15:37:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**28-сентябрда Жалал-Абад облусунда убактылуу баш калкалап жаткан баткендик 466 жарандын 114тү өз үйлөрүнө кайтуу үчүн жолго чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.**

Алар үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 1 кичи автобус, ошондой эле өздөрү тараптан 3 кичи автобус, 1 портер, 11 жеңил унаа менен жалпы 114 жаран кайткан.

> “Учурда облуста 352 жаран калды. Алардын 29у убактылуу пункттарда, 323 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна Баткен облусунан жалпы 466 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 430 жаран жарандардын үйлөрүнө, 36 жаран эвакуациялык пунктарда (ПВР) жайгашкан”, – деп айтылат маалыматта.