> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Студенттердин жана россиялыктардын суроо-талабынан Бишкекте ижаралык батирлер 168 долларга кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2022/09/29/bishkekte-izharaga-beril-ch-batirler-168-dollarga-kymbattady-studentterdin-zhana-rossiyalyktardyn-suroo-talaby-k-b-jd/
- Published: 2022-09-29T10:43:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:37:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акыркы бир айда Бишкекте батирлердин орточо баасы 168 долларга өсүп, 866 долларды түздү, бул аталган рыноктогу абсолюттук рекорд. Бул тууралуу кечээ, 28-сентябрда Economist.kg сайтына [house.kg](https://www.house.kg/) сервисинин аналитикалык кызматынан билдиришти.**

Белгиленгендей, 2022-жылдын сентябрь айында ижара акысынын ай сайын өсүшү **21%**ды түздү. Талдоочулардын айтымында, өсүш эки факторго байланыштуу:

- Турак жайга болгон суроо-талаптын жогорулашы студенттердин окуусунун башталышы менен байланыштуу. 2021-жылдын сентябрында ижара акысынын орточо баасы 609 долларды түзгөн, бул 2021-жылдын август айына салыштырмалуу 1.5 эсеге жана 2020-жылдын сентябрына караганда дээрлик 2 эсеге жогору, анткени ал кезде ижара акысы 320 долларды түзгөн.
- **Россиядагы жарыяланган мобилизацияга байланыштуу орус жарандарынын миграция толкуну.** 21-сентябрдан бери жаңы сунуштардын орточо баасы айдын башындагы ушул эле мезгилге салыштырмалуу **135 долларга өстү**. Ошондой эле, мурда жайгаштырылган жарыя ээлеринин 15%ы акыркы 7 күндүн ичинде ижара акысын орточо **162 долларга көбөйткөн**.