> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Монополияга каршы агенттик «Билайнга» жарнактык СМС билдирүүлөрү үчүн эскертүү берип, айып пул салды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/29/monopoliyaga-karshy-agenttik-bilajnga-zharnaktyk-sms-bildir-l-r-ch-n-eskert-berip-ajyp-pul-saldy/
- Published: 2022-09-29T16:13:14.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:45:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине жарандардан «Скай Мобайл» ЖЧК бир нече жолу абоненттерине жарнактык маалымат камтылган СМС билдирүүлөрдү жөнөтүп жаткандыгы тууралуу арыз түшкөн. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.**

Арыз менен таанышып чыгуунун жүрүшүндө арыз ээси абоненттик  
номерине жарнактык маалыматы бар СМС билдирүүлөрдү алуудан баш тарткандыгы боюнча “Скай Мобайл” ЖКЧсына бир нече жолу кайрылганы белгилүү болгон.

Бирок анын кайрылууларынан кийин “Скай Мобайл» ЖКЧсы арыз ээсинин абоненттик номерине жарнамалык маалыматы бар СМС билдирүүлөрдү жөнөткөндү токтоткон эмес.  

> КРнын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, **интернет, уюлдук телефондор жана факс аркылуу жарнаманы (спам) уруксатсыз таратууга тыйуу салынат**.  
>  
> Жарнамалык маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгында, “Скай Мобайл” ЖКЧсына **эскертүү берилип, айып пул салуу** боюнча үч токтом чыгарылды”, – деп айтылат маалыматта.

Бирок агенттик аталган компанияга канча айып пул салгандыгы тууралуу маалымат берген жок.

Уюлдук номерлерге уруксаатсыз жарнак (спам) таркатылса, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине кайрылса болот.