> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Монополиялык жогорку бааны аныктоонун тартиби бекитилди
- URL: https://im.kg/all/2022/09/29/monopoliyalyk-zhogorku-baany-anyktoonun-tartibi-bekitildi/
- Published: 2022-09-29T09:37:36.000Z
- Updated: 2022-09-29T09:37:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоонун тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимди минкаб кабыл алды.**

Минкабдын маалымат кызматы белгилегендей, аталган чечим “Атаандаштык жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 41 жана 42-беренелерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган. 

> “Товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан товарга монополиялык жогорку (төмөн) баа коюлгандыгы аныкталган учурда монополияга каршы орган тарабынан Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоонун тартиби колдонулат”, -деп айтылат маалыматта.

Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартибин кабыл алуу менен үстөмдүк кылуучу ишканалардын кыянатчылыктарын кароодо белгисиздик жана укуктук вакуум жоюлат.[](https://www.gov.kg/ky/post/s/21982-monopoliyalyk-zhogorku-tmn-baany-anyktoonun-tartibi-bekitildi#)[](https://www.gov.kg/ky/post/s/21982-monopoliyalyk-zhogorku-tmn-baany-anyktoonun-tartibi-bekitildi#)