> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан популярдуу өлкөлөргө каттамдар бир жылда 12%га арзандады
- URL: https://im.kg/all/2022/09/30/kyrgyzstandan-populyarduu-lk-l-rg-kattamdar-bir-zhylda-12-ga-kyskardy/
- Published: 2022-09-30T09:52:39.000Z
- Updated: 2022-09-30T09:56:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын күзүндө популярдуу туристтик багыттарга билеттер 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 12%га арзандады. Сентябрдын башындагы мындай маалыматтарды Aviasales порталынын аналитиктери беришти.**

Алсак, жарыяланган “Кыргызстандагы саякатчылардын индексинде” 2021-жылы Россияга билеттердин орточо баасы **29.8 миң сом** болсо, үстүбүздөгү жылдын ушул маалында **21 миң сомду** түзгөн.

Кыргызстанды кызыктырган эң популярдуу өлкө – Түркияга баалар, тескерисинче, кымбаттады. 2021-жылдын күзүндө билеттер орточо эсеп менен **15 миң сом** болсо, ал эми 2022-жылдын күз айларында **23.6 миң сомго** көтөрүлгөн.

> Кыргызстандыктар 2022-жылы күзгү саякаттарды пландаштырган ТОП-5 өлкөгө Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Түштүк Корея кирет.

Кошумчалай кетсек, индексте кыргызстандык саякатчылардын 42%ы авиабилеттер 20-30%га арзандашы керек деп эсептей турганы белгиленген. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик төрттөн бири (24%) билеттер 50% арзандашы керек деп эсептешет. Ал эми респонденттердин 9% гана авиа билеттерге болгон баанын деңгээлин алгылыктуу деп белгилешкен.