> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас облусу быйыл 60 миң тонна төө бурчак жыйнады
- URL: https://im.kg/all/2022/09/30/talas-oblusu-byjyl-60-mi-tonna-t-burchak-zhyjnady/
- Published: 2022-09-30T13:48:27.000Z
- Updated: 2022-09-30T13:48:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Талас облусундагы төө бурчактын дүң жыйымы сентябрь айынын аягына карата 60.7 миң тоннаны түздү жана бул былтыркы жылдан 5.5 миң тоннага көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

2022-жылы жалпысынан Талас облусу боюнча **54.6 миң гектар** жер аянтына төө буурчак айдалган. Азыркы учурда төө буурчакты жыйноо иштери жүрүп жатат. 

> “2022-жылдын 26-сентябрына карата Талас облусу боюнча төө буурчак жыйноо иштери 37.5 миң га аянтта жүргүзүлүп, жалпы аянтка карата 68.6% түздү. Орточо түшүмдүүлүк 16.2 ц/га болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1.4 ц/га көп”, – деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстанда төө буурчактын сатып алуу баасы туруктуу. Бул тууралуу Талас облусунун Төө буурчак экспорттоочулар ассоциациясынын төрайымы Чолпон Нурманбетова билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы дыйкандар 20 миң тонна «Лопатка», 30 миң тонна “Томатный” сортунан, калган 5% «Красавчик» жана «Ребой» сортторун жыйнашты. Бүгүнкү күндө «Лопатка» сортундагы төө буурчактын **сатып алуу баасы – 1 кг 100 сом**, логистика жана чыгымдарды кошкондо 1 тоннасы 1550 АКШ долларын түзөт, ал эми «Томатный» сорту 65 сомдон алынууда. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл төө буурчактын баасы бир топ жогору экендиги айтылат.