> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте үйлөр мындан ары да кымбаттай берет - эксперт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/03/bishkekte-jl-r-myndan-ary-da-kymbattaj-beret-ekspert/
- Published: 2022-10-03T14:50:40.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:45:22.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Пикир, #Import 2025-07-22 12:57

**«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов [Economist.kg](https://economist.kg/)\-ге россиялыктардын Кыргызстанга агылып келишинен улам ижаранын жана кыймылсыз мүлктүн баасынын көтөрүлүшү тууралуу айтып берди.**

Анын айтымы боюнча, ижара акысы чындап эле дээрлик **эки эсеге** кымбаттаган. Ал эми сатылып жаткан турак жайларды алсак, эскирээк батирлердин баасы кескин көтөрүлдү деп эсептейт эксперт.

> «Жаңы үйлөрдүн баасы да көтөрүлөт, бирок жайыраак. Акыркы жылдары көптөгөн факторлор пайда болду: пандемия, Россиядагы жана Украинадагы кырдаал. Ал эми болжолдоолор боюнча **кыймылсыз мүлктүн кымбатташы уланат.** Чыгымдар өсүп, логистикалык система да бузулду, анткени учурда өлкөлөрдүн экономикасы өзгөрүп, жаңыча түзүлүп жатат», – деди Акматов.

Мындан тышкары, анын айтымында, курулуш материалдары орточо эсеп менен **бир чарчы метрине 150 долларга** кымбаттаган. Кыргызстан аларды негизинен Россиядан сатып алгандыктан, бааларга Россияга каршы киргизилген санкциялар таасир эткен.

Эскерте кетсек, буга чейин Economist.kg маалымдагандай, house.kg сайтынын аналитиктеринин айтымында, Бишкектеги батирлердин орточо баасы акыркы айда **168 долларга өсүп**, 866 долларды түзгөн, бул бүткүл байкоолордун тарыхындагы абсолюттук рекорд.

Россиялыктардын келиши Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири тууралуу кененирээк материалыбыздан окуңуз:

[Россиялыктардын агылып келиши Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет?](http://localhost/info-portal/news/2022/10/03/rossiyalyktardyn-agylyp-kelishi-kyrgyzstandyn-ekonomikasyna-kandaj-taasir-etet/)