> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан алынды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/03/energetika-ministri-doskul-bekmurzaev-kyzmatynan-alyndy/
- Published: 2022-10-03T17:32:31.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:45:31.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.**

Буга чейин Башкы прокуратура энергетика министрине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча эки кылмыш ишин [козгогон](https://economist.kg/novosti/2022/09/13/na-ministra-energetiki-vozbuzhdeno-dva-ugolovnyh-dela/).

Мындан тышкары, башкы көзөмөл органы Бекмурзаев Салык кодексинин жана минкаб жөнүндө конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен 2022-жылы өзүнө, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларацияны тапшырган эмес деп билдирди.