Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан алынды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратура энергетика министрине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча эки кылмыш ишин козгогон.

Мындан тышкары, башкы көзөмөл органы Бекмурзаев Салык кодексинин жана минкаб жөнүндө конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен 2022-жылы өзүнө, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларацияны тапшырган эмес деп билдирди.