> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралат
- URL: https://im.kg/all/2022/10/04/batken-zhana-osh-oblustarynyn-administraciyalyk-ajmaktyk-birdikterin-kalybyna-keltir-g-3-mlrd-som-karalat/
- Published: 2022-10-04T11:02:02.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:56:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү үчүн “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 3 млрд сом суммасында көбөйтүүнү карады.** 

Министрликтин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, каражаттар Баткен жана Ош облустарындагы **куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү** жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык түзүлгөн мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт. 

> “Аталган сумма аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоого, калыбына келтирүүгө, курууга, анын ичинде социалдык объектилерди, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, турак-жай курууга, ошондой эле КРнын аймагындагы жолдорду реконструкциялоого багытталат”, – дейт министрлик.