> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МСК тогуз айда 148 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады
- URL: https://im.kg/all/2022/10/04/msk-toguz-ajda-148-mlrd-som-salyk-zhana-kamsyzdandyruu-t-g-md-r-n-zhyjnady/
- Published: 2022-10-04T14:41:00.000Z
- Updated: 2022-10-04T14:41:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 9 айда 148 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кыматы билдирди.**

> 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы **148 млрд 125 млн** сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44.3 млрд сомго көп.

Анын ичинде **111 млрд 755.4 млн сом** салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 236.8 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 36 млрд 369.6 млн сомду түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд 443.4 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 130.2%).

---

Буга чейин [Economist.kg кабарлагандай,](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/18/salyk-kyzmaty-i-kvartalda-36-4-mlrd-som-chogulttu/) Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы **155.6 млрд сом** салыктарды жана **41.7 млрд сом** камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.