> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Өзгөндө жабык түрдө эл менен жолугушууда - президенттин кабарчысы
- URL: https://im.kg/all/2022/10/04/sadyr-zhaparov-zg-nd-zhabyk-t-rd-el-menen-zholugushuuda-prezidenttin-kabarchysy/
- Published: 2022-10-04T13:41:01.000Z
- Updated: 2022-10-04T14:32:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын өкүлү Дайырбек Орунбеков билдирди.**

Анын айтымында, сыртта батпай калган элди экинчи этап менен киргизишип, суроолорго жооп берилет.

> “Ал эми “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле “кирбей калдык” деп социалдык байланыш тармагында түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз”, – дейт ал.

Орунбеков президент менен бирге микабдын төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышып жатканын жана эч кандай пикирлерге чектөө болбогонун, ошондой эле депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилгенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн шаарында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүүдө. 

---

Эскерте кетсек, 29-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге [кайрылышкан](http://localhost/info-portal/news/2022/09/30/zg-n-eli-kamchybek-tashiev-zbekstan-menen-kol-kojgon-protokol-tuuraluu-t-sh-nd-rm-ber-n-talap-kylyshty/).

Алар Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри тарабынан кол коюлган 36-протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Анткени буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган суу сактагыч Өзбекстанга өтөт экен деген кептер [тараган](https://www.facebook.com/search/top?q=%D0%BA%D0%B5%D0%BC%D0%BF%D0%B8%D1%80-%D0%B0%D0%B1%D0%B0%D0%B4).