> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тамчыга Россиядан эки чартердик аба каттамы ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/04/tamchyga-rossiyadan-eki-charterdik-aba-kattamy-achyldy/
- Published: 2022-10-04T10:15:46.000Z
- Updated: 2022-10-04T10:16:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көлгө Россиянын эки шаарынан чартердик каттамдар ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.**

> “Россиянын Nordwind Airlines авиакомпаниясы 2022-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлгө чартердик каттамдарды ачты. Учурда **Москва – Тамчы – Москва** багыты боюнча аба каттамдар **күн сайын – жумасына 7 жолу – аткарылууда**“, – дейт «МЭА» ААК.

Айтылган авиакомпаниянын учактары Тамчыга Санкт-Петербург шаарынан да каттап жатышат. **Санкт-Петербург – Тамчы – Санкт-Петербург** багыты боюнча чартердик каттам жумасына бир жолу – жума күндөрү – аткарылып келүүдө.