> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Учурда социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, негизсиз секирүүлөр жок - Экономика министрлиги
- URL: https://im.kg/all/2022/10/04/uchurda-socialdyk-maanil-tovarlardyn-baasy-turuktuu-negizsiz-sekir-l-r-zhok-ekonomika-ministrligi/
- Published: 2022-10-04T10:49:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:42:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда республикада социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, баалардын негизсиз секирүүлөрү жок. Социалдык маанидеги товарлардын запасы жетиштүү, керектөөчүлөр тарабынан толкундануу жок. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

Социалдык маанидеги товарлардын рыноктору – бааларды мамлекеттик катуу жөнгө салууну камсыз кылбаган атаандаштык рыноктор. Аталган министрлик кээ бир социалдык маанилүү товарлардын баасынын өсүшү жылына 20%ды түзөрүн жана бир айдын ичинде 3%дан ашпай тургандыгын айтат.

> “Баанын төмөндөшү өткөн жумада биринчи сорттогу унга катталды жана республика боюнча орточо эсеп менен ал **43** сомду түздү, кумшекерге, ошондой эле өсүмдүк майына, жашылча өсүмдүктөрүнө баанын төмөндөшү байкалууда. Ошондой эле этке, жемге, буудайга, жумурткага, макаронго, сүткө, майга, нанга жана күрүчкө туруктуу баа сакталууда.

> 2022-жылдын 30-августуна салыштырмалуу бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майлардын айрым түрлөрүнө баа литрине 2.2 сомго арзандады”, – дейт министрлик.

Учурда Жогорку Кеңеште “Баа түзүү жөнүндө” КРнын мыйзамынын долбоору каралып жатат, ал кабыл алынгандан кийин баанын айына 20%га жогорулашын күтпөстөн, социалдык маанидеги товарларга бааларды, ошондой эле үстөмдүк кылуучу субъектилери бар базарларда, башкача айтканда, кант, күйүүчү май, аба каттамдары, уюлдук байланыш жана башкаларга мамлекеттик жөнгө салууну колдонууга мүмкүндүк берет. 

---

Социалдык маанидеги товарларга бааларды турукташтыруу үчүн төмөнкү механизмдер колдонулат:

- салыктык жеңилдиктер, атап айтканда айрым товарларга КНСти нөлгө салуу
- экспортту чектөө (тыюу)
- Мамматрезервдин (интервенция) алкагында иш жүргүзүү
- монополияга каршы аракеттенүү (алдын алуу чаралары, анын ичинде келишимдерди түзүү, бааларга мониторинг жүргүзүү жана рыноктун катышуучуларына сунуштарды иштеп чыгуу).