> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы Кыргызстандын чек арасын 3 млн чет элдик жаран кесип өткөн
- URL: https://im.kg/all/2022/10/05/2021-zhyly-kyrgyzstandyn-chek-arasynan-3-mln-chet-eldik-zharan-tk-n/
- Published: 2022-10-05T10:12:25.000Z
- Updated: 2022-10-05T10:16:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 3 миллиондон ашык чет элдик жаран өткөн. Өткөн жылга карата мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет Чек ара кызматына шилтеме берүү менен билдирди.**

Ведомстводон билдиришкендей, чек араны кесип өткөндөр негизинен Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын жарандары болгон.

### 2021

2021-жылы Кыргызстанга **1.3 млн** турист келген, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2.9 эсеге көп. Туристтердин жалпы санынан 622 миң адам уюштурулган туризм тармагы менен келген. Көрсөткүчтөрдүн өсүшү коронавирустук пандемияга байланыштуу чектөөлөрдүн алынып салынышына байланыштуу болгон.

### 2022

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) [баяндамасында](http://localhost/info-portal/news/2022/09/22/byjyl-kyrgyzstanga-deerlik-4-mln-turist-keldi/) **2022-жылдын жети айында Кыргызстанга 3.8 млн турист** келгени, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп экени айтылат.

АӨБ белгилегендей, мунун аркасында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 3.5%га өскөн, ал эми тамак-аш жана мейманкана секторунда өсүш 12.5%ды түзгөн.

Эске салсак, Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет элдик жарандардын саны 2.6 млн адамды түзгөн.

> Мында **97% же 2.5 млн** адам **КМШ өлкөлөрүнөн** келген. Алардын көпчүлүгү Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын жарандары катары катталган.

Ал эми **КМШдан тышкаркы** өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны **74 миңден** ашып, өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 1.8 эсеге өскөн. Алардын көпчүлүк бөлүгү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Арабиясынан келишкен.