> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл айыл чарба тармагына 26 млрд сом каражат бөлүнгөн
- URL: https://im.kg/all/2022/10/05/byjyl-ajyl-charba-tarmagyna-26-mlrd-som-karazhat-b-l-ng-n/
- Published: 2022-10-05T16:16:19.000Z
- Updated: 2022-10-05T16:16:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо маселеси боюнча жыйын өткөргөнүн минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Ал жыйында бул жылы айыл чарба тармагына бөлүнгөн каражаттар тууралуу сөз кылган.

> “Төрөбаев үстүбүздөгү жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө **26 млрд сом**, анын ичинде кластердик каржылоого 10 млрд сом, 6%дык жеңилдетилген насыяларды берүүгө, ирригацияга 1,7 млрд сом, сапаттуу үрөн сатып алууга 1.5 млрд сом бөлүнгөн, жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сом, айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө кошумча 271 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.

Оперативдүү маалыматтар боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27.7 центнерди (өткөн жылы гектарына 14.7 центнерден) түзгөн. Төрөбаев республика боюнча 233.7 миң гектардан буудай (99.8%) жыйылганын белгиледи.

---

**Кошумча окуңуз:**

[Бул жылы Кыргызстанда буудай азыраак, пахта көбүрөөк эгилди](http://localhost/info-portal/news/2022/06/14/bul-zhyly-kyrgyzstanda-buudaj-azyraak-pahta-k-b-r-k-egildi/)

[Кыргызстан Россиядан негизги азык-түлүктүн үчтөн бир бөлүгүн импорттойт. Буудай, кант… Дагы эмнелер келбей калат?](http://localhost/info-portal/news/2022/03/26/kyrgyzstan-rossiyadan-negizgi-azyk-t-l-kt-n-cht-n-bir-b-l-g-n-importtojt-buudaj-kant-dagy-emneler-kelbej-kalat/)