> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМдин 12-кабатка чейин гана өрттөрдү өчүрүүгө техникалык мүмкүнчүлүгү бар
- URL: https://im.kg/all/2022/10/05/kmdin-12-kabatka-chejin-gana-rtt-rd-ch-r-g-tehnikalyk-m-mk-nch-l-g-bar/
- Published: 2022-10-05T11:35:41.000Z
- Updated: 2022-10-05T11:36:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ӨКМде 12-кабатка чейин гана жете турган автотепкичтер бар. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=dZPFh%5F1loYM) Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.**

Жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мамбетов ӨКМдин 12-кабатка чейин гана өрттөрдү өчүрүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.

> “Бүгүнкү күндө 12-кабатка чейин биздин автотепкичтерибиз жетет, ал эми андан да көп кабаттуу үйлөргө техникалык талаптарды кабыл алдыртып жатабыз, ага ылайык, алардын өзүнүн өрт өчүрүүчү деген шаймандары менен системасы болуш керек”, – деди ал.

Ошондой эле ӨКМдин өкүлү кыш мезгилинде жылыткычкычтарды туура эмес колдонгондон өрт кырсыктары көбүнчө жеке сектордон чыгарын кошумчалады.