> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Макмалалтын» комбинатынын кызматкерлери 2 млн сомдук баалуу материалдарды жок кылышкан
- URL: https://im.kg/all/2022/10/05/makmalaltyn-kombinatynyn-kyzmatkerleri-2-mln-somduk-materialdardy/
- Published: 2022-10-05T15:28:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:56:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Башкы прокуратура Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан “Кыргызалтын” ААКтын “Макмалалтын” комбинаты филиалында текшерүү жүргүзүлгөнүн кабарлады.** 

> “Текшерүүдө, “Макмалалтын” комбинаты филиалынын жана “Кыргызалтын” ААКтын «Кыргызалтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы **2 млн 143 миң сомдук** материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган”, – дейт аталган органдын маалымат кызматы. 

Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.