> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттин маалымат кызматы Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу так маалымат берген жок
- URL: https://im.kg/all/2022/10/05/prezidenttin-apparaty-kempir-abad-suu-saktagychy-tuuraluu-tak-maalymat-bergen-zhok/
- Published: 2022-10-05T10:49:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:16:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Берилген маалыматта жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине жана “Кемпир-Абад” суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилгени гана айтылат.

> Бирок эл менен жолуккан Жапаровдун Өзгөндүктөргө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эмне дегендиги тууралуу **эч бир маалымат** берилген жок.

---

Эскерте кетсек, 29-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге [кайрылышкан](http://localhost/info-portal/news/2022/09/30/zg-n-eli-kamchybek-tashiev-zbekstan-menen-kol-kojgon-protokol-tuuraluu-t-sh-nd-rm-ber-n-talap-kylyshty/).

Алар Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри тарабынан кол коюлган 36-протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Анткени буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган суу сактагыч Өзбекстанга өтөт экен деген кептер [тараган](https://www.facebook.com/search/top?q=%D0%BA%D0%B5%D0%BC%D0%BF%D0%B8%D1%80-%D0%B0%D0%B1%D0%B0%D0%B4).

Жыйынтыгында, президент Жапаров Өзгөн шаарына барып, [жабык эшик артында](http://localhost/info-portal/news/2022/10/04/sadyr-zhaparov-zg-nd-zhabyk-t-rd-el-menen-zholugushuuda-prezidenttin-kabarchysy/) эл менен жолуккан. Ошондой эле аталган жолугушууда активисттердин телефондору өчүрүлгөнү айтылган. 

Фейсбуктагы [Кемпир\_Абад суу сактагычын коргоо кыймылы](https://www.facebook.com/groups/218267693428259/) деп аталган тайпада кире албай, эшикте чогулуп күтүп турган элге президент кол да булгабастан карабай кетип калган видеолор жарыяланды.

> Тагыраак айтканда, президенттин Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга кетпей тургандыгы тууралуу сөзү же Өзбекстан менен кол коюлган протокол тууралуу так маалымат берилген жок.

Төмөндө T-Media маалымат порталынын вдиеосу келтирилет.

Эскерте кетсек, КР жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары тарабынан протоколго кол коюлган. Бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшкан.