> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн АКШда жашоого укук берген Green Card  лотереясына катталуу башталды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/06/b-g-n-akshda-zhashoogo-ukuk-bergen-green-card-lotereyasyna-kattaluu-bashtaldy/
- Published: 2022-10-06T13:35:52.000Z
- Updated: 2022-10-06T13:35:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн АКШда туруктуу жашоого укук берген Green Card DV-2024 (United States Permanent Resident Card**) **лотереясына каттоо башталды. Ал 8-ноябрга чейин уланат.** 

> Лотереяга катышууну каалаган жарандар АКШнын мамлекеттик расмий [https://dvprogram.state.gov/](https://dvprogram.state.gov/?fbclid=IwAR1g0l3OX7M%5FNl3p64OtRU61iw1jL3t1AJgzsYTsKMCMdemT0lWkUBDFvg8) сайтында катталышса болот. Сайтка киргендердин саны көп болгондуктан, система кээде убактылуу иштебей да калышы мүмкүн.

“Грин карта” (анг., Green Card, Америка Кошмо Штаттарынын туруктуу резиденттик картасынын расмий аталышы) – бул инсандык карта же чет өлкөлүк жарандын АКШда иштөө, жашоо укугуна ээ экендигин тастыктаган идентификациялык карта.