> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасы 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды - УКМК
- URL: https://im.kg/all/2022/10/06/eldik-k-z-m-l-koomduk-birikmesinin-t-ragasy-200-mi-som-para-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy-ukmk/
- Published: 2022-10-06T10:28:43.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:53:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Элдик Көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.**

> “Такталгандай, кармалган А.О. кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен **3600 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган**. Эгер болбосо, А.О. бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялоосу менен коркуткан”, – деп айтылат билдирүүдө.  

Ошол эле учурда А.О. беделине шек келтирген жүйө менен судьялык  
кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга президенттин администрациясында байланыштары бар экенин ырастатаган. Кармалган А.О., алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, К.Т.А. аттуу жарандын кызыкчылыгына иш алып жасалма ойдон чыгарылган арыз алган.  

> “Белгилей кетсек, А.О. жана К.Т.А. мурда “зордуктоо” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат”, – дейт УКМК.