Кыргызстан ай сайын муздатылган кой этин Араб Эмираттарына экспорттойт

“Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” МИнин көмөгү менен Al Sileitiin Trading Company ишканасы менен ата мекендик «Торо» ЖЧК муздатылган кой этин ай сайын Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жеткирүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

«Торо» ЖЧКсы жалпы көлөмү 50дөн 100 тоннага чейин болгон кой этин үч этап менен экспорттойт.

БАЭде эттин жана эт азыктарынын үлүшү өлкөдөгү импорттун 10.3%дан ашыгын түзөт. Экономика министрлиги келечекте БАЭ Кыргызстандан эт сатып алган негизги ири импортер болуп калышы мүмкүн экендигин жана бул республиканын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жакшы импульс берерин айтат.

БАЭнин рыногуна айыл чарба жана тамак-аш азыктарын жеткирүү үчүн компаниялар продукциясын импорттоо боюнча учурдагы талаптарга жооп бериши керек жана эреже катары, төмөнкү шайкештик сертификаттары талап кылынат:

  • ветеринардык сертификат
  • “Халал” сертификаты
  • азык-түлүк сертификаты
  • фитосанитардык сертификат.