> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 10-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлгөн суммада берилип баштайт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/07/10-oktyabrdan-tartyp-pensiya-k-b-jt-lg-n-summada-berilip-bashtajt/
- Published: 2022-10-07T17:39:57.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

****10-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулайт жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулайт. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.**

Көбөйтүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түзүп, жыл башындагы көрсөткүчтөн 1988 сомго жогорулайт.

Кыргызстанда 735 миң пенсионер бар. Жалпы пенсияны жогорулатуу үчүн 4 млрд 424 млн сом кошумча каражат керектелет. Анын 3 млрд 83 млн сому республикалык бюджеттен, 1 млрд 341 млн сому пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен кошулат.

**Мисалы:**

5000 сом пенсия алгандарга — 1843 сом

10 миң сом алгандарга — 2623 сом кошулат.

[](https://t-media.kg/2022/10/07/%d0%be%d0%ba%d1%82%d1%8f%d0%b1%d1%80%d0%b4%d0%b0-%d0%bf%d0%b5%d0%bd%d1%81%d0%b8%d1%8f-%d0%b6%d0%be%d0%b3%d0%be%d1%80%d1%83%d0%bb%d0%b0%d1%82%d1%8b%d0%bb%d0%b3%d0%b0%d0%bd-%d3%a9%d0%bb%d1%87%d3%a9/?fbclid=IwAR2io9EIERYmDyU45aEwG2KRmdAVEhGna7NI8cOrEtY3HHJRq-jF9%5FxMkhs#)