> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенге жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептен 1.4 млн сом сарпталды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/07/batkenge-zhardam-k-rs-t-ch-n-atajyn-esepten-1-4-mln-som-sarptaldy/
- Published: 2022-10-07T10:06:56.000Z
- Updated: 2022-10-07T10:08:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жапа чеккен Баткен облусунун калкын колдоо үчүн атайын эсептен 1 млн 400 миң сом сарпталды. Бул тууралуу кечээ, 6-октябрда Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Финансы министрлиги тарабынан ар бири 200 миң сомдон жети операция жүргүзүлүп, каражаттар үйлөрү өрттөнгөн жарандарга бир жолку компенсация түрүндө берилген.

Кошумчалай кетсек, Борбордук казыналык атайын эсеп боюнча 6-октябрда саат 17:00гө карата маалыматтарды жаңылаган. Жалпысынан **[320 млн 60 миң сом](https://www.minfin.kg/posts/na-okazanie-pomoschi-batkenu-postupilo-257-966-4628)** түшүп, транзакциялардын саны 3750 операциядан ашкан.

---

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрь саат 08:00гө карата жалпы Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 128 522 жаран туруктуу жашоочу жайларына кайткан. 

> “Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 322 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 180 тонна гуманитардык жардам турат”, – дейт ӨКМ.