> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ҮМБга 8.2 млн сомго унааларды сатып алууга тендер жарыяланды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/07/mbga-8-2-mln-somgo-unaa-satyp-aluuga-tender-zharyyalandy/
- Published: 2022-10-07T09:46:52.000Z
- Updated: 2022-10-07T09:48:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы ҮМБларга 3 тез жардам унаасын жана каза болгондордун сөөгүн ташууга 1 атайын унаа алууну пландоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.**

> Буга чейин унааларды сатып алуу боюнча тендер жарыяланып, атайын унааларды алууга **8.2 млн сом** каралган.

Жумушчу топ унааларды сатып алуунун техникалык шартын иштеп чыкты. Буйруктун негизинде сатып алуу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тендердик комиссия түзүлгөн.

Борбор калаанын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун амбулаториялык кызматын уюштуруу үчүн тез жардам унааларын жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Автобазасы үчүн каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн 1 атайын транспортту сатып алуу боюнча тендер мамлекеттик [сатып алуулар порталына](http://www.zakupki.gov.kg/popp/) жарыяланды.