> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңеш жаңы дайындалып жаткан төрт министрдин талапкерлигин колдоду
- URL: https://im.kg/all/2022/10/07/zhogorku-ke-esh-zha-y-dajyndalyp-zhatkan-t-rt-ministrdin-talapkerligin-koldodu/
- Published: 2022-10-07T10:16:33.000Z
- Updated: 2022-12-23T13:44:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=NART5vPUeUU) Билим берүү жана илим министринин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин, Транспорт жана коммуникациялар министринин, Энергетика министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди дайындоого макулдук берди.**

Жыйында талапкерлер тууралуу баяндама жасаган президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна **Уланбек Мамбетакунов,** Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин кызмат ордуна **Алтынбек Максутов,** Транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна **Тилек Текебаев**, Энергетика министринин кызмат ордуна **Таалайбек Ибраев** сунушталганын билдирди.

Жалпысынан жыйында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлүп, жыйынтыгында сунушталган талапкерлердин кызмат орундарына дайындалышына парламент макулдук берди.