> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бакай Банк» евро жана АКШ доллар акча каражаттарын накталай берүүдө комиссиясын азайтты
- URL: https://im.kg/all/2022/10/10/bakaj-bank-evro-zhana-aksh-dollar-akcha-karazhattaryn-naktalaj-ber-d-komissiyasyn-azajtty/
- Published: 2022-10-10T17:12:11.000Z
- Updated: 2023-05-03T07:54:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бакай Банк» эң ыңгайлуу шарттарды сунуштоо менен ар дайым өзүнүн кардарлары үчүн кам көрүп келет.**

Ушуга байланыштуу нак эмес АКШ долларын жана еврону нак акчага айландыруу үчүн алынуучу комиссияны төмөндөтүү чечими кабыл алынды:

- юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн сумманын 2 пайызы.

Ошону менен бирге POS-терминалдардан банктык карталар аркылуу (банктын кассаларында) АКШ долларын чыгаруу үчүн алынуучу комиссия дагы төмөндөдү:

- VISA – сумманын 2,2 пайызы. Минимум 3 АКШ долл. – кассада эркин акча каражаттары бар болсо, суткалык лимит 300 АКШ доллары (лимиттен ашык сумма макулдашуу аркылуу).

Белгиленген баалар 2022-жылдын 1-декабрына (1-декабрды кошо алуу менен) чейин күчүндө болот.

Кененирээк маалыматты банктын [www.bakai.kg](http://www.bakai.kg) расмий сайтынан алууга болот.