> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балалуу болуу жакырчылык тобокелдигин 2.5 эсеге жогорулатат - Дүйнөлүк банк
- URL: https://im.kg/all/2022/10/10/balaluu-boluu-zhakyrchylyk-tobokeldigin-2-5-esege-zhogorulatat-d-jn-l-k-bank/
- Published: 2022-10-10T14:10:56.000Z
- Updated: 2022-10-10T14:12:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Балалуу болуу жакырчылыкка кириптер болуу жана жумушсуздук коркунучун бир топ жогорулатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын КРдагы жакырчылыктын абалы боюнча акыркы изилдөөсүндө айтылат.**

Ал иликтөөдө Кыргызстанда аз камсыз болгон ар бир төртүнчү үй-бүлөнүн башчысы жумушсуз экендиги белгиленген.

> Балдары бар үй-бүлөнүн жакырчылыктын чегинен төмөн түшүү коркунучу ошондой эле балдары жок үй-бүлөгө караганда 2.5 эсе жогору. Мындай корутундулар балдарга мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жеткиликсиз болгондугуна да байланыштуу, анткени бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн (айрыкча аялдардын) эмгек рыногуна катышуусун кескин төмөндөтөт же жокко чыгарат, бул бүлөнүн потенциалдуу кирешесинин азайышына алып келет.

Кошумчалай кетсек, БУУнун «КРнын аялдары жана эркектери» деп аталган статистикалык [жыйнагынын](https://kyrgyzstan.un.org/sites/default/files/2021-03/3%20pager%5FUNW%5FFV%5F14.03.2021.pdf) маалыматы боюнча Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен **үч же андан көп**, ал эми айылдарда төрт жана андан көп бала төрөшөт. Төрөттүн жалпы коэффициенти репродуктивдүү курактагы бир аялга үчтөн бала туура келет.