> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Апрель айынан бери Кыргызстандан Россияга акча которуулар үч эсеге өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/10/11/aprel-ajynan-beri-kyrgyzstandan-rossiyaga-akcha-kotoruular-ch-esege-st/
- Published: 2022-10-11T16:39:53.000Z
- Updated: 2022-10-12T09:50:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь айынан август айына чейин Кыргызстандан Россияга 572.2 млн доллар которулган. Улуттук банктын маалыматы боюнча, өткөн жылдын ушул мезгилинде которуулардын көлөмү болгону 323 млн долларды түзгөн.**

Регулятордун маалыматына таянсак, 2022-жылдын башында акча которуулар былтыркы көрсөткүчтөн көп деле ашкан эмес. Бирок **апрель айынан бери** кескин секирик байкалган, тагыраак айтканда, былтыркы **44.5 млн доллардан** быйыл **73.3 млн долларга чейин** өскөн.

> Россияга которуулардын көлөмү ай сайын өсүп жатат: май айында – **80.1 млн доллар** (2021-жылы 37.3 млн доллар), июнда – **82.3 млн доллар** (42.5 млн доллар), июлда – **109.6 млн доллар** (38.2 млн доллар) жана **августта – 120.6 млн доллар** (41.7 млн доллар) которулган.