> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен үчүн эң мыкты санариптик долбоорго Жогорку технологиялар паркы 1 млн сом бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/11/batken-ch-n-e-mykty-sanariptik-dolboorgo-zhogorku-tehnologiyalar-parky-1-mln-som-b-l-t/
- Published: 2022-10-11T09:35:43.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү облуста болуп өткөн кайгылуу окуяларга байланыштуу баткендиктерди колдоо максатында 2 млн сом бөлүүнү чечти.**

ЖТП Баткен облусунун тургундарынын жашоосун жакшыртууга жардам бере турган санариптик чечимди ишке ашырууга **1 млн сом** бөлөт. Сынактын шарттары жакынкы аралыкта жарыяланышы күтүлүүдө.

> «Сынакка Баткен облусуна жардам берүү үчүн санариптик долбоорду иштеп чыккан Кыргызстандын бардык IT адистери катыша алат. Бул телемедицина же башка сегмент болушу мүмкүн», – деди ЖТПнын аткаруучу директору Чубак Темиров [Economist.kg](https://economist.kg/) басылмасына.

Белгилей кетсек, парктын бюджетинен дагы 1 млн сом жабыр тарткан облус тургундары үчүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн атайын эсебине которулган.