> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин коомдук транспортто жол кире 22-32 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/10/11/bishkektin-koomduk-transportundagy-tarifter-22-32-somgo-chejin-k-t-r-l-sh-m-mk-n/
- Published: 2022-10-11T15:59:19.000Z
- Updated: 2022-10-11T16:27:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Инфляцияга жана баанын өсүшүнө байланыштуу Бишкектин коомдук транспортторунда жүрүү тарифтери көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Орозбекович билдиргенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.** 
  
Нусувалиевдин айтымында, транспорт тармагында оор абал пайда болду. 2021-жылдын сентябрь айында тарифтер акыркы жолу кайра каралып чыккандан тартып, КММдын, запастык бөлүктөрдүн жана башка милдеттүү чыгымдардын наркы кыйла өстү. 

Учурдагы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, автобуста жана троллейбуста 11 сом, кичиавтобустук каттамда 15 сомду түзөт.

> “Жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун иш жүзүндөгү өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кетти. Натыйжада, транспорт ишканаларында жүгүртүү каражаттардын жетишсиздиги, материалдар жана эмгек акы боюнча карыздар пайда болуп жатат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Токтомго ылайык, Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу тарифтерин өзгөртүү маселесин кароодо эксплуатациялык чыгымдардын жана инфляциянын өзгөрүүсүн эске алуу керек.

> 2021-жылы тарифтер кайра каралгандан бери күйүүчү майдын 1 литринин баасы 41 сомдон (жол кирени кабыл алууда комиссиянын эсептөөлөрү боюнча) 75 сомго чейин (2022-жылдын 1-октябрына карата) көтөрүлдү.

####   
**Бүгүнкү күндө жол кире тарифин төмөнкүдөй белгилөө пландаштырылууда:**

Бир жүргүнчүгө жол кире:

- троллейбуста – **15 сом**
- менчигинин түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) – **15 сом**
- менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда: 6:00дөн 20:30га чейин – **21 сом,**  
20.30дан 6.00гө чейин – **32 сом**
- менчигинин түрүнө карабастан атайын чакан класстагы экспресс-автобустарда: № 233, № 234 – **22 сом**
- № 123, № 226, № 252 – **32 сом.**