> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бул жылы тейлөө тармагы ИДПнын түзүмүндө 45%га жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/10/11/bul-zhyly-tejl-tarmagy-idpnyn-t-z-m-nd-45-ga-zhetti/
- Published: 2022-10-11T14:40:03.000Z
- Updated: 2022-10-11T14:43:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички дүң продукт (ИДП) быйыл тогуз айда 597 млрд сомду түздү жана 7.2%га өстү. Ошондой эле тейлөө тармагынын ИДПдагы түзүмү 44.9%ды түзгөнү Улутстаткомдун маалыматында айтылат.** 

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4.9% өсүп, 555 млрд сомду түздү.

> ИДПнын өсүшү **товардык өндүрүш** жана **тейлөө тармактары** тарабынан камсыздалды. 

- Товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 10.7%га өскөн болсо, 2021-жылдын январь-сентябрында, тескерисинче, 6.5%га төмөндөшү байкалган.
- Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 4%га өскөн (2021-жылдын январь-сентябрында 6%га өскөн).

> ИДПнын түзүмүндөгү **эң чоң үлүш (44.9%)** өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу **кызмат көрсөтүү** чөйрөсүнө туура келип 0.6%дык пунктка өскөн, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 2.2%дык пунктка төмөндөп 39.3%ды түздү.