> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Уставдык капиталы 25 млн доллар болгон Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/11/ustavdyk-kapitaly-25-mln-dollar-bolgon-kyrgyz-azerbajzhan-n-kt-r-fondu-t-z-l-t/
- Published: 2022-10-11T09:46:33.000Z
- Updated: 2022-10-11T09:46:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, колдоо тапканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.**

Аталган маселе боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов маалымат берди.

Бул макулдашуунун долбоорунун негизинде Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда уставдык капиталы **25 млн АКШ долларын** түзгөн биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фонд түзүү сунушталууда. 

> 25 млн долларды түзгөн уставдык капиталды азербайжан тарап кошот. Уставдык капиталды 50 млн долларга чейин көбөйтүү пландалууда. Уюмдун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат. Фондду түзүү инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү үчүн түрткү болоору белгиленүүдө.