> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 800 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштешет - министр
- URL: https://im.kg/all/2022/10/12/800-mi-den-ashuun-kyrgyzstandyk-chet-lk-l-rd-ishteshet-ministr/
- Published: 2022-10-12T12:15:11.000Z
- Updated: 2022-10-12T12:15:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**800 миңден ашуун Кыргызстандын жараны дүйнөнүн кеминде он бир өлкөсүндө иштеп, жашап жүрүшөт. Бул тууралуу Эмгек министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, расмий түрдө Кыргызстандын жарандары эмгек мигранттары болуп саналат:

- Россияда — 680.5 миң адам
- Түркияда — 35 миң адам
- Казакстанда – 35 миң адам
- Канада жана АКШда – 26 миң адам
- Германия менен Польшада – 11.2 миң адам
- Түштүк Кореяда – 6.4 миң адам
- Өзбекстанда – 5 миң адам
- БАЭде – 5 миң адам
- Англияда – 3 миң адам.