> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азербайжан менен КРнын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду
- URL: https://im.kg/all/2022/10/12/azerbajzhan-menen-krnyn-ortosunda-bir-katar-dokumentterge-kol-kojuldu/
- Published: 2022-10-12T09:43:04.000Z
- Updated: 2022-10-12T09:48:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин КРга мамлекеттик сапарынын алкагында кечээ, 11-октябрда, кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев КР менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун Чечимине кол коюшту.

**Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:**

1. КРнын министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы **Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү** жөнүндө макулдашуу
2. КРнын министрлер кабинети менен АРнын өкмөтүнүн ортосундагы **өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу** жөнүндө макулдашуу
3. КРнын Тышкы иштер министрлиги менен АРнын **Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы** **2023-2025-жылдарга кызматташуу** программасы
4. КРнын министрлер кабинетине караштуу КРнын Социалдык фонду менен АРнын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы **милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу** жөнүндө Протокол
5. КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен АРнын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы **курчап турган чөйрөнү коргоо** жана **өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу** жөнүндө меморандум
6. КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен АРнын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы **өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум**
7. КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен АРнын **Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү** жөнүндө меморандум
8. Бишкек шаары менен Баку шаарынын ортосунда **бир тууган шаар мамилелерин түзүү** жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.