> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги товарлардын баасын эмнеге кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты
- URL: https://im.kg/all/2022/10/12/ekonomika-ministrligi-tovarlardyn-baasyn-emnege-keskin-t-m-nd-t-g-m-mk-n-bolboj-zhatkanyn-ajtty/
- Published: 2022-10-12T14:03:45.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:54:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика министрлиги өлкөдөгү азык-түлүктүн баасы эмнеге дагы деле кескин арзандабай жатканынын себебин айтты.**

> “Биздин өлкөнүн негизги соода өнөктөшү Россия Федерациясы болуп саналат. Учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу товарларды ташуунун/жеткирүүнүн логистикалык чынжыры үзгүлтүккө учурады, бул товарлардын баасын кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой калды”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ошондой эле министрлик КРдагы товарлардын орточо рыноктук наркы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана коңшу мамлекеттердин арасында эң төмөн экендигин айтат.

Ошондой эле министрлик СМТ (социалдык маанидеги товарлар) баасын ооздуктоо боюнча эффективдүү чаралардын бири мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү экенин билдирди.

Колдонуудагы мыйзамдар жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында СМТга бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө мүмкүндүк берет.

> Министрлер кабинети 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизет. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу бир айдын ичинде баанын 20 жана андан ашык пайызга өсүшүн эске алуу менен киргизилет.