> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электрондук патент алууда убактылуу кыйынчылыктар болууда - МСК
- URL: https://im.kg/all/2022/10/12/elektronduk-patent-aluuda-ubaktyluu-kyjynchylyktar-boluuda-msk/
- Published: 2022-10-12T14:12:27.000Z
- Updated: 2022-10-12T14:12:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы Төлөм шлюзунун жаңылануусуна байланыштуу электрондук патент/полис үчүн онлайн төлөм жүргүзүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.**

МСК төлөм шлюзунун жаңылануусуна байланыштуу электрондук патент/полис үчүн төлөм жүргүзүүдө салык төлөөчүлөрдө кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирет.

> 2022-жылдын 1-октябрынан баштап электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алууга жооптуу болгон электрондук төлөм системасы (төлөм шлюзу) “Инфоком” мекемесинин карамагынан “Инфосистемс” мекемесинин карамагына өткөрүлүп берилген, андан кийин “Инфосистемс” жаңыланган төлөм шлюзун ишке киргизген.

> “Бүгүнкү күндө көпчүлүк банктар жана төлөм уюмдары “Инфосистемс” мекемеси менен бирдикте жаңыланган төлөм шлюзуна кошулуу боюнча иштерди жүргүзүшкөн эмес, ошол себептен электрондук патент/полис үчүн акы төлөө өз убагында жүргүзүлбөй келүүдө”, – дейт МСК.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы патент/полис үчүн онлайн режимде төлөө мүмкүн болбогон учурда, патент/полисти кагаз түрүндө алуу үчүн жергиликтүү салык органына кайрылууну сунуштайт.

Салык кызматы жарандардын электрондук патент/полис үчүн онлайн режимде төлөм жүргүзүүсү үчүн төлөм шлюзунун ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча болгон мүмкүнчүлүгүн жумшоодо жана “Инфосистемс” мекемеси менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө.