> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Релоканттар жана бизнес үчүн Экономика министрлиги Telegram чат-ботун ишке киргизди
- URL: https://im.kg/all/2022/10/12/relokanttar-zhana-biznes-ch-n-ekonomika-ministrligi-telegram-chat-botun-ishke-kirgizdi/
- Published: 2022-10-12T15:13:37.000Z
- Updated: 2022-10-12T15:13:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бизнес чөйрөсү жана КРга көчүп келген чет элдик жарандар үчүн Telegramда чат-боту ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.**

Аталган чат-бот жарандарга биздин өлкөдө зарыл болгон эсепке алуу жана каттоо процедуралары боюнча маалымат алууну жеңилдетет.

Telegram’дагы чат-бот бөлүмдүн сайтында жайгашкан, иштелип чыккан беш бизнес колдонмолордун негизинде түзүлгөн. Эми популярдуу мессенжерде бир катар маанилүү темалар боюнча суроолорду берсе болот. 

- Чат-бот үч тилде иштейт: **кыргыз, орус** жана **англи**с тилдеринде.

> “Эгерде сиз чет мамлекетке келип, бизнес ачууну көздөп жаткан болсоңуз, анда салык салуу принцибин гана эмес, эң негизги нерселерди: кайда баруу керек, эмнени алып баруу керек, ким менен байланышуу керек экенин билүү маанилүү. Биз бул суроолордун баарына нускаманын жардамы менен жооп берүүгө аракет кылдык”, – деп айтты КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова.

Чет элдик жарандар бизнести каттоо, салык салуу, Ишкерлерди тейлөө борбору, салык отчеттуулугу, Санариптик көчмөн статусу боюнча суроолоруна керектүү жоопторду ала алышат.

Чат-ботко [бул шилтеме](https://t.me/welcomekg%5Fbot) аркылуу кошулса болот.