> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түшүм арзан, андан башка бүт нерсе кымбат - таластык дыйкандар бийликке нааразы
- URL: https://im.kg/all/2022/10/12/t-sh-m-arzan-andan-bashka-b-t-nerse-kymbat-talastyk-dyjkandar-naarazy/
- Published: 2022-10-12T10:40:41.000Z
- Updated: 2022-10-12T11:04:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин[ жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=WVrl53snqb4) депутат Русланбек Жакышов дыйкандар түшүм арзан болуп жатканын, солярка кымбат экенин, Айыл чарба министрлиги түшүмдү экспорттоого жардам бербей жатканын айтып нааразы болушканын билдирди.**

Депутаттын айтымында, ал жакында эле Талас облусуна барган. Ал жердеги дыйкандар түшүм жыйноо убагында күйүүчү майдын баасы кымбат, ошол эле коңшу турган Казакстандын Тараз деген шаарында 39-40 сомдон сатылып жатканын, жок дегенде бир ай арзан баадагы солярка менен камсыз болушпаганын айтып нааразы болушкан. 

> “Картошканын баасы 14-18 сомго чейин, арпа – 17-19 сомго чейин, буудай – 20-22 сом, кара өрүктүн баасы – 17-20 сомго чейин экен. Быйыл түшүмдүн баасы арзан, сата албай жатабыз деп жатышат. Ушул боюнча дыйкандар Айыл чарба министрлиги элге жолугуп, биздин продукциябызды экспорттогонго, сатканга жардам бербейби деп жатышат.

> Ошол эле Талас облусунда көмүрдүн баасы 6.5 миң сомдон 7 миң сомго чейин сатылып жатыптыр, бир кар жааса 10 миң сомго чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатат, курулуш материалдары кымбаттап жатат, күйүүчү май кымбаттап жатат, көмүр, Монополияга каршы кызматыңар бар эле, ошолор чыгып, катуурак козөмөлдөп иш кылбайбы деп нааразы болуп жатышат”, – деди Жакышов.

---

Экономика министрлиги республика боюнча 5-октябрга карата А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 1 литри 61.6 сомдон, ал эми **дизель майы 75.8 сомдон** сатылып жатканын [билдирген](https://mineconom.gov.kg/ky/post/8544).