> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/13/b-g-n-astanada-sadyr-zhaparovdun-vladimir-putindin-zhana-emomali-rahmondun-ch-taraptuu-zholugushuusu-t-t/
- Published: 2022-10-13T15:34:34.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:39:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага президент Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган аймактык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

> “Мындан тышкары, ушул эле күнү Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун **үч тараптуу жолугушуусу өтөт**“, – деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле эртең, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия+Россия» Мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Эске салсак, аталган жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар 14-октябрга чейин созулат.