Бир жуманын ичинде жети миллионунчу кыргызстандык төрөлөт
Улутстаткомдун баалоосу боюнча КРнын калкы 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.
Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.
Улутстатком жети миллионунчу жарандын төрөлө турган күнүн так аныктоо үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинен жана Саламаттык сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти.
Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына чейин болушу керек.
Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстандын калкынын саны өсүп жатат. Акыркы жылдары республикада болуп жаткан демографиялык процесстер калктын санынын өсүшүнүн жогорку темпи менен мүнөздөлөт. Төрөлүүнүн жогорку деңгээли сакталууда, бул калктын санынын көбөйүшүн камсыздайт. Ал эми тышкы миграциянын балансы терс бойдон калууда, бирок акыркы жылдары анын көлөмү бир топ төмөндөдү.
Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.