> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бразилиядан импорт бир жылда 564%га өстү - чийки кумшекер келет
- URL: https://im.kg/all/2022/10/13/braziliyadan-import-bir-zhylda-564-ga-st-chijki-kumsheker-kelet/
- Published: 2022-10-13T09:55:59.000Z
- Updated: 2022-10-13T10:02:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-август айларында Бразилиядан Кыргызстанга 43.8 млн долларга кумшекер импорттолгон, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 564%ды түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.**

Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмүнүн **өсүшү** боюнча Кытай экинчи орунда турат, тагыраак айтканда, ал **2.5 млрд долларга жеткен** (өсүү 223%). Ошол эле учурда Кыргызстандын Кытайга экспорту 40.9 млн доллардан **44.5 млн долларга чейин 8.9%га гана** өскөн.

Россиядан импорт 32.7%га – **1.1 млрд доллардан 1.5 млрд долларга** өстү. Мындан тышкары, Кыргызстандын Россияга экспортунун көлөмү мактанаарлык – **238 млн доллардан 445 млн долларга** чейин өстү.

> Отчеттук мезгилде Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү **7.2 млрд долларга** жетип, анын ичинен **6 млрд доллар импортко, 1.2 млрд доллар экспортко** туура келген.

***Кошумча окуңуз:***

[КР Бразилия, Индия, Афганистан өлкөлөрүнөн 35 млн долларлык кумшекер импорттоду](http://localhost/info-portal/news/2022/09/15/braziliya-indiya-afganistan-krga-35-mln-dollarlyk-kumsheker-importtoshtu/)

[Кыргызстан өзүнүн кант кызылчасынан кумшекер өндүрүп баштады](http://localhost/info-portal/news/2022/09/30/kyrgyzstan-z-n-n-kant-kyzylchasynan-kumsheker-nd-r-p-bashtady/)

[Кыргызстандагы кум шекер Бразилиядан келген чийки кум шекерден өндүрүлөт — логистикадан улам баасы жогору](http://localhost/info-portal/news/2022/08/05/kyrgyzstandagy-kum-sheker-braziliyadan-kelgen-chijki-kum-shekerden-nd-r-l-t-logistikadan-ulam-baasy-zhogoru/)